Милиция кызматкерлери 55 миллион сомдук контрабандалык тамекилерди аныкташты

Ыкчам издөө жана тергөө иш-чараларын жүрүшүндө ИИМдин ыкчам иликтөө башкы башкармалыгынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан, Бишкек шаарынын Ю.Фучик көчөсүндө жайгашкан кампаларда контрабандалык товарлар – акциздик маркасы жок ар кандай түрдөгү тамекилер сакталып турганы аныкталган. Товарлар борбор калаанын ар кайсы бөлүктөрүнө, анын ичинде “Берекет” соода борборуна сатуу үчүн ташылган. Бул тууралуу КРнын ИИМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) фактысынын негизинде кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында борбор калаада кылмышка шектүүлөрдү кармоо жана буюм далилдерди табуу боюнча ыкчам издөө иштери жүргүзүлдү. 55 миллион сомдук акциздик маркасы жок 550 миң тамеки салынган миңден ашык кутучалар табылып, алынган.

Азыркы учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Связанный пост