Акылбек Жапаров баштаган кыргыз делегациясы «Сбербанктын» иши менен таанышты

 Акылбек Жапаров баштаган кыргыз делегациясы «Сбербанктын» иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргызстандын делегациясы Россияга жумушчу сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров жана делегация мүчөлөрү «Сбербанк России» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты.

Делегация Москва шаарындагы Кутузовский проспектинде жайгашкан каржы мекемесинин жаңы штаб-квартирасын көрүп чыгып, Сколководогу СберУниверситетке, Хорошколага, Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборуна барды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Сбербанктын өкүлдөрү конокторго өздөрүнүн акыркы иштеп чыгууларын тартуулашты. Тараптар ошондой эле учурдагы макроэкономикалык кырдаал боюнча пикир алмашып, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Белгилесек, кыргыз делегациясынын жумушчу сапары Сбербанк башкармалыгынын президенти, төрагасы Герман Грефтин чакыруусу менен уюштурулган.

Связанный пост