Садыр Жапаров ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарын кабыл алды

 Садыр Жапаров ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда, ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахмановду кабыл алды.

Жолугушууда ЕККУнун ишмердүүлүгүнүн алкагында этностор аралык мамилелердин жана кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кайрат Абдрахмановду ЕККУ системасындагы жогорку жана жооптуу эл аралык кызматка шайланышы менен куттуктады.

Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстанда көп улуттуу элдин ынтымагын жана биримдигин чыңдоо, анын ичинде жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана көп тилдүүлүктү сактоо саясаты жүргүзүлүүдө. Учурда “Кыргыз жараны” концептуалдык программасы ишке ашырылууда. Мектептерде улуттук азчылыктардын өкүлдөрү үчүн көп тилдүү билим берүү жаатында пилоттук долбоорлор киргизилүүдө.

Мындан тышкары, улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу жана аларды болтурбоо максатында эрте аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдардын тутумунун иши өркүндөтүлүүдө. Ушуга байланыштуу республикалык жана жергиликтүү деңгээлде этностор аралык коомдук консультациялык кеңештер жана этностор аралык маселелер боюнча коомдук кабылдамалар түзүлүп, иштеп жатат.

Ошону менен бирге Президент бул маселелер боюнча ЕККУ өлкөгө көрсөткөн жардамын жана Жогорку комиссардын Кыргызстанга көңүл буруусун жана көрсөтүп жаткан колдоосун канааттануу менен белгиледи.

Өз кезегинде Кайрат Абдрахманов жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын кеңсеси жана жалпысынан ЕККУ Кыргыз Республикасынын жана жеке Президент Садыр Жапаровдун уюмдун ишмердүүлүгүнө кошкон салымын жана колдоосун жогору баалайт.

Кайрат Абдрахманов Президент Садыр Жапаров жана өлкөнүн Министрлер Кабинети ЕККУнун кеңсесинин көңүл борборунда турган маселелерге, атап айтканда, Кыргыз Республикасындагы улуттар аралык ынтымакка жана конфессиялар аралык тынчтыкка өзгөчө маани берип жаткандыгына көңүл бурду.

Анын айтымында, бул багытта Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен активдүү кызматташуу жүрүүдө.

Мындан тышкары, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кайрат Абдрахманов Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун уюштурулушун жогору баалады.

Ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого кызмат кыла турган бул иш-чарага бүткүл дүйнө өзгөчө кызыгуу менен көз салып турганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ЕККУнун жоопкерчилиги чөйрөсүндө этностор аралык мамилелер тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Связанный пост