Ак-Тал айылындагы бала бакчанын имаратынын курулушунун капсуласы салынды

 Ак-Тал айылындагы бала бакчанын имаратынын курулушунун капсуласы салынды

Бүгүн Ак-Тал айылындагы бала бакчанын имаратынын курулушунун капсуласын салуу иш чарасы болуп өттү.

Иш чарага КРнын Жогорку кеңешинин депутаты Сыдыков Мурадил Жанышбекович, район акими Жапаров Жумадилла Курсанбаевич, облустук, райондук тиешелүү мекеме жетекчилери жана Ак-Тал айылынын тургундары, мектеп, бала бакчанын эмгек жамааты катышты.

Ак-Тал айылындагы “Ак-Тал” бала бакчасынын имараты 1961-жылы “Ашар” ыкмасы менен жергиликтүү материалдар менен салынган.

Бала бакчанын имаратынын эскилиги жеткендиктен 2016-жылдын 7-январында болгон жер титирөөдө пайдубалы, дубалдары жарылып авариялык абалга келген.

Бала бакча курууга архитектура башкармалыгы тарабынан АПШ, ИТШ даярдалып жер тилкеси бөлүнүп берилген. 2018-жылы Республикалык бюджеттен ПСД даярдоого 290,0 миң сом каржыланып, “Капредием” ОО тарабынан толук бүткөрүлгөн.

2023-жылы жогорудагы көйгөйдү эске алып, республикалык бюджеттен 90 орундуу бала бакча куруу каралып, сметалык наркы 75 млн сомду түзгөн.

Тендерден “Кайыңды М” курулуш фирмасы жеңип алып, капсула салынып, куруу иштери башталды.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы

Связанный пост