Жашы жете элек балдарды мыйзамсыз асырап алып, чет өлкөгө сатууга шектелген жарандар кармалды

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси «Адам сатуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жашы жете элек балдарды мыйзамсыз асыроого жана андан ары сатуу максатында аларды КРдин чегинен тышкары алып чыгууга адистешкен КРнын жана чет өлкөнүн жарандарынан турган туруктуу трансулуттук кылмыш уюмунун ишмердигине бөгөт коюлду.

Аталган кылмыштуу уюм 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ар кандай айла-амалдардын, паракорчулуктун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу жолу аркылуу социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө, КРнын жарандарынын балдарына толук камкордук көрүү укугун алганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн атайын тергөө-ыкчам иш-аракеттердин жана тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан кылмыштуу уюмдун башка мүчөлөрүн жана анын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыр тарткан, ошондой эле аларга кылмыш ишинде көмөк көрсөткөн адамдарды аныктоо боюнча тергөө-оперативдүү иш-чаралар улантылууда.

КР УКМК жарандардын конституциялык укуктарын бузгандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Связанный пост