Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында (Америка Кошмо Штаттары) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты.

 

Дебат башталар алдында Мамлекет башчысы жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин саламдашуу салтанаты болуп өттү.

 

Андан соң БУУнун Башкы катчысы дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышкан дебаттардын ачылышында баяндамасын жасады.

 

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

 

Анын сүйлөгөн сөзү 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түнү болжол менен Бишкек убактысы боюнча саат 02:00-03:00 чамасында күтүлүүдө.

 

Түз алып берүүнү УТРК каналынан жана социалдык тармактардан көрсө болот.

Связанный пост