Тбилисидеги сейил бактардын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Тбилиси шаарындагы (Грузия) сейил бактарынын бирине Кыргызстандын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Грузиянын эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте өткөн жыйында айтылды.
Ошондой эле сейил бакка жазуучунун эстелигин орнотуу пландалып жатканы белгилүү болду.
Белгиленгендей, жогорудагы чечимди Тбилиси муниципалдык кеңеши кабыл алган.