ЖОЖдорго абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун графиги бекитилди
Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графигин бекитти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоонун:
– I туру – 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;
– II туру – 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;
– III тур – 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;
– IV туру – 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;
– V туру – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.
“Катталгандан кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери илинет, андан кийин абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун ырасташы керек. Эгерде бош орундар калган болсо 22-23-24-августта, окууга сунушталган абитуриенттердин кошумча тизмелери илинет”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн абитуриент “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.