Эки айда Ысык-Көлдүн астынан 85 миң балык уулоочу тор чыгарылды

 Эки айда Ысык-Көлдүн астынан 85 миң балык уулоочу тор чыгарылды

ӨКМдин суучулдары үстүбүздөгү жылдын 12-мартынан бери Ысык-Көлдүн астынан 85 000 балык уулоочу тор чыгарышты.

Жалпы 66 күн ичинде көлдүн 193 гектардан ашык аянты тазаланып, 5470 кг суу астынан таштанды терилди.

Эске салсак Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө 2023-жылдын 12-мартында башталган.

Связанный пост