Чүйдүн эки районунда казак дарыгерлери бейтаптарды көрөт

 Чүйдүн эки районунда казак дарыгерлери бейтаптарды көрөт

15–17-сентябрда Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында Казакстандын тармактык адистеринин катышуусунда эки мобилдик медициналык клиника иш алып барат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, медициналык жардам Аламүдүн районунун Васильевка жана Ысык-Ата районунун Хунчи айылдарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, бул иш-чара 15–18-сентябрда Бишкек шаарында өтө турган Казак медицинасынын күндөрүнүн алкагында уюштурулууда.

Связанный пост