Таиланд туристтердин визасыз жүрүү мөөнөтүн кыскартты
60 өлкөдөн келген туристтер үчүн Таиландда визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскарткан мыйзам 15-сентябрда күчүнө кирди. Бул тууралуу Интерфакс жазды.
Маалыматка ылайык, жаңы эрежелер Таиланддын иммиграция кызматына кайрылып, 58 доллар өлчөмүндөгү төлөмдү төлөгөн учурда бир жолку жүрүү мөөнөтүн кошумча 30 күнгө узартууга мүмкүндүк берет.
15-сентябрга чейин өлкөгө кирген туристтер Таиландда ошол эле шарттарда 60 күнгө чейин кала алышат.
Таиланддын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөгө былтыр болжол менен 2 млн россиялык турист барган.