Ош шаарында 61 жаранга “кызыл китеп” берилди
Ош шаарында 2024-жылы мамлекеттик муктаждык үчүн жер тилкесин берген жарандарга “кызыл китептер” тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы жаңы муниципалдык базар жайгашкан жер тилкелеринин менчик ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алардын укуктарын эске алуу менен жер тилкесинин 10 пайызы өлчөмүндө жеке менчикке жер берүү боюнча макулдашуу болгон.
Бул багытта тиешелүү трансформация иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө документтер толугу менен даярдалып, мэр Жанарбек Акаев 61 менчик ээсине мамлекеттик актысын өзү тапшырды.
Жалпысынан 3 гектардан ашык жер тилкеси коммерциялык багытта трансформацияланып, менчик ээлеринин ар бирине 100 чарчы метрден жер тилкеси жеке менчикке өткөрүлүп берилди.