Окуучулардын кышкы эс алуусу 12 күнгө созулат
Мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу 30-декабрдан 2023-жылдын 10-январына чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык мектептерде сабактар 2023-жылдын 11-январынан башталат.