Кырчында 10 тез жардам бригадасы жана 6 медпункт иштейт
2-5-сентябрь күндөрү негизги иш-чаралар өтө турган Кырчын капчыгайында медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу боюнча кеңири даярдык көрүлүүдө.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, медициналык камсыздоонун эң масштабдуу бөлүгү дал ушул аймакта уюштурулуп, көчмө оорукана жайгаштырылат.
“Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучуларына жана конокторуна ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн тез жардам кызматынын 10 бригадасы тартылып, боз үйлөрдө 6 медициналык пункт иш алып барат”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле медициналык пункттарда тиешелүү улуттук борборлордун жана саламаттык сактоо уюмдарынын адистери нөөмөттө турушат. Чет өлкөлүк делегациялардын катышуучулары жайгаштырыла турган “Мейман Ордо” аймагында медицина кызматкерлеринин нөөмөтү уюштурулат.
Белгиленгендей, мындай чаралар иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучулардын коопсуздугун камсыздап, зарыл учурда медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүгө багытталган.