Төрага Марлен Маматалиев Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Төрага Марлен Маматалиев боордош Өзбекстан Кыргызстан үчүн жакын коңшу, ишенимдүү стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоодо парламенттик дипломатиянын маанисине токтолду.

Ага ылайык, акыркы жылдары Жогорку Кеңеш Өзбекстандын кош палатасы менен тең тыгыз кызматташып, депутаттык достук топторунун жана тармактык комиттердин алкагында жигердүү иш алып барып жатканын кошумчалады.

Ал эми  Төрайым Танзила Нарбаева эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы тууралуу сөз кылып, Төрага Марлен Маматалиевдин парламенттин ишин санариптештирүү жаатындагы жасап жатканы иштерине жогору баасын берүү менен бул багытта тажрыйба алмашууга кызыкдар экендиктерин билдирди.

Андан тышкары бардык чет өлкөдөгү иш сапарларынын ичинен Кыргызстанга эң көп келип кеткенин айткан Өзбекстандын Сенатынын Төрайымы бул келгенинде өлкөдө чоң өзгөрүүлөрдү байкаганын, айрыкча туризм тармагында жетишкендиктер арбын экенин мисал келтирди.

Ошону менен катар бардык иш сапарлары учурунда Президент Садыр Жапаров жылуу кабыл алып, колдоо көрсөтөрүн кубануу менен айткан Танзила Нарбаева соңку жылдары кыргыз-өзбек кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи.

Жолугушууда тараптар парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатындагы артыкчылыктуу багыттарга токтолушуп, Танзила Нарбаева Төрага Марлен Маматалиевди Өзбекстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Связанный пост