Анимация, дубляж жана балдар контенти колдоого алынат
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, профилдик мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын ишмерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 9 айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, кеңештин мурунку жыйынынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү каралды.
Өзгөчө көңүл ата мекендик анимацияны, дубляжды жана улуттук балдар контентин өндүрүүнү мамлекеттик колдоо маселелерине, ошондой эле улуттук кинематографияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого бурулду.
Минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов ата мекендик киноиндустрияны системалуу өнүктүрүүнүн, чыгарылуучу кинопродукциянын сапатын жогорулатуунун, чыгармачылык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн жана кыргыз киносунун эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча мындан аркы иштин негизги багыттары аныкталып, профилдик мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.