Көчмөндөр оюндарында тамак-аш коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат

 Көчмөндөр оюндарында тамак-аш коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маалында тамак-аш коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Ал белгилегендей, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тамактануучу жайларда жана мейманкаларда санитардык талаптардын сакталышы текшерилет.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында фуд-зона, мейманканалар, ар бир облустун ордолору уюштурулат экен. Буга байланыштуу биздин 10дон ашык тез жардам унаалары жайгашат. Көчмө ооруканадан тышкары, дагы 6 медпункт ачылат. Тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында 50 медицина кызматкерлерибиз Кырчында алты күн бою иштейт. Тамак-аш сата турган жайлар да ачылат экен. Биз сатуучуларга, ишкерлерге тушүндүрүү иштерин жүргүзөбүз”, – деп айтты Гүлбара Ишенапысова.

Связанный пост