12 жылдык билим берүү: өлкөдө 29 миң мугалим кайра даярдоодон өттү
Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында мугалимдерди кайра даярдоо жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө” аталышындагы Улуттук педагогикалык форумунун алкагында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, былтыр 80 миң мугалим кайра даярдоодон өткөн болсо, быйыл 12 жылдык билим берүүгө жаңы өтүп жаткан класстардын 29 миң мугалими кайра даярдоодон өттү.
“Биринчи жолу президенттин демилгеси менен мугалимдерди даярдоонун туруктуу системасы түзүлдү. 27 мугалимдерди өнүктүрүүчү борбор жана ар бир институтта мугалимдерди өнүктүрүү институттары иштей баштайт. Алардын айлыктары мугалимдердикинен жогору”, – деди ал.
Министрдин маалыматына караганда, учурда 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча министрлер кабинети бекиткен программанын 85 пайызы ишке ашырылды.
Кендирбаева 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын, предметтик стандарттарды жана окуу китептерин даярдоо эң татаал маселелердин бири болгонун белгиледи.
“Былтыр 12 жылдык билим берүүгө төрт классыбыз өттү, быйыл дагы төрт класс өтүп жатат. 2017-2024-жылдар аралыгында 3 млн китеп чыкса, бир жылдын ичинде 4,5 млн китеп чыгардык. Быйыл да 644 млн китеп чыгарып, дагы 600 млн сомдон ашык кошумча каржылоо берилгени турат”, – деди министр.
Ал ошондой эле ата мекендик мазмундагы кыргыз тили, кыргыз адабияты, география жана тарых боюнча окуу китептерин даярдоо боюнча иштер жүрүп жатканын айтып, аларды эки жылдын ичинде толук иштеп чыгуу пландалып жатканын кошумчалады.