Акыркы 5 жылда өлкө боюнча 390дан ашык жаңы мектеп курулду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө” улуттук педагогикалык форумуна катышты.

Иш-чарага Агартуу министрлигинин жетекчилиги, аймактардын билим берүү башкармалыктарынын башчылары, мектеп директорлору, мугалимдер, тарбиячылар жана жогорку окуу жайларынын ректорлору катышты. Форумду ачып жатып, Министрлер Кабинетинин Төрагасы бардык агартуучуларды жаңы 2026-2027-окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Ал жыл сайын август айында агартуучулардын башын бириктирип, учурдагы абалга баа берип, жаңы окуу жылына багыттарды аныктоо жакшы салтка айланганын белгиледи.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев жаңы доордо билим берүү системасы сапаттык жактан өзгөрүшү керектигин баса белгиледи.

“Жаңы доорго – жаңы билим. Жаңы билимге – жаратман педагог керек. Бир бүтүн билим берүү экосистемасы – замандын талабы”, – деген ал, жасалма интеллектти окутууга киргизүү, жекелештирилген билим берүү жана 12 жылдык билим берүү системасынын экинчи этабына өтүү бүгүнкү күндүн негизги чакырыгы экенин айтты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы мамлекет тарабынан билим берүү тармагын каржылоо олуттуу жогорулаганын белгиледи. Билим берүүгө бөлүнгөн каражат 2021-жылы 40 млрд сомдон 2025-жылы 75 млрд сомго чейин өстү.

Акыркы 5 жылда өлкө боюнча 390дан ашык жаңы мектеп курулуп, 110дон ашык мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 2021-жылы 22%ды түзсө, 2025-жылы 51%га жетти. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 80%га жеткирүү милдети коюлду. Ошондой эле окуу китептерин басып чыгаруу жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштер жүрүүдө.

Билим берүүнүн сапаты дагы олуттуу жакшырды. 2026-жылы эл аралык олимпиадаларда кыргызстандык окуучулар алтын, күмүш жана коло медалдарды алышты. Жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо баллы 119,8ден 128 баллга көтөрүлүп, 56 окуучу алтын сертификаттын ээси болду.

Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев адам капиталын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыты экенин белгиледи.

“Бүгүн курулуп жаткан жаңы Кыргызстандын эртеңки тагдыры — бүгүнкү балдардын билиминен жана мугалимдин эмгегинен көз каранды. Билим менен тарбияны айкалыштырып, мугалимдерди колдоо жана билим берүү системасын тынымсыз өнүктүрүү аркылуу гана биз максаттарыбызга жетебиз”, – деди ал.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бардык мугалимдерди жана агартуучуларды жигердүү иштөөгө, жаңычылдыкты кабыл алууга жана кесиптик өнүгүүгө чакырды.

Связанный пост