Прокуратура №28 мектептеги мыйзам бузууларды аныктады
Бишкек шаарындагы №28 мектеп-комплексинде жүргүзүлгөн прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө кадрдык жана финансылык мыйзам бузуулар аныкталды.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, айрым мугалимдердин билими ээлеген кызматына жана окуткан сабагына шайкеш келбегени, директордун орун басарынын педагогикалык билими жок экени, ошондой эле эмгек милдетин аткарбаган кызматкерлерге мыйзамсыз эмгек акы төлөнгөнү белгилүү болгон.
Мындан тышкары, мектепке чейинки бөлүмдөгү айрым балдар эсепке алынбай, алар үчүн төлөнгөн каражаттар кассага кириштелбегени аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз сарпталган каражаттар толугу менен бюджетке кайтарылып, мектептин директору жана билим деңгээли талапка жооп бербеген директордун орун басары кызматтан бошотулду. Ошондой эле Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысынын тартиптик жоопкерчилиги боюнча маселе Агартуу министрлиги тарабынан каралууда.