Маматалиев мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

 Маматалиев мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 23-июнь – Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата аталган тармакта эмгектенген мекендештерди куттуктады.

“Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Ардактуу аталган тармактын ардагерлери!

Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – өлкөбүздүн бекемдигин камсыз кылган, коомдун туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн жана жарандардын кызыкчылыгына кызмат кылган өзгөчө жоопкерчиликтүү тармак. Коомубуздун өнүгүшү, мыйзамдардын натыйжалуу аткарылышы, мамлекеттик саясаттын ийгиликтүү ишке ашырылышы жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты сиздердин күнүмдүк эмгегиңиздер менен тыгыз байланыштуу.

Анткени сиздер мамлекеттик башкаруу системасынын үзүрлүү иштешин камсыз кылып, жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө, аймактарды өнүктүрүүгө жана мамлекет менен коомдун ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөгө татыктуу салым кошуп келесиздер.

Албетте, өлкөбүздүн алдында турган милдеттер мамлекеттик кызматкерлерден жогорку кесипкөйлүктү, жоопкерчиликти, демилгелүүлүктү жана элге кызмат кылуунун мыкты үлгүсүн талап кылууда. Андыктан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын негизги баалуулуктары саналган мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук, ак ниеттүүлүк жана элдин кызыкчылыгына кызмат кылуу принциптери ар дайым башкы орунда болушу зарыл.

Ал эми Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадыр-баркын жогорулатууга, ошондой эле кызматкерлердин укуктук жана социалдык кепилдиктерин чыңдоого багытталган аракеттерди мыйзамдык жактан колдоону улантат.

Кымбаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, жооптуу ишиңиздерге ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайм. Жакындарыңыздардын жанында, жалпы элдин кызматында аман жүрүңүздөр!”

Связанный пост