Баткен районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

 Баткен районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Селге байланыштуу Баткен районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, күн мурун облус аймагында нөшөрлүү жаандан улам катуу сел жүрүп, бир катар айылдарды каптаган. Бүгүн селдин кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 100 куткаруучу, 10 техника, 4 мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматтарынан 44 кызматкер, 12 техника, айыл аймактардан 9 кызматкер жана 7 техника тартылды.

Сел суусу 1 турак үйдүн ичине, 177 турак үйдүн короосуна, 17 турак үйдүн жертөлөсүнө жана 23 турак үйдүн чарбалык курулуштарына кирген. Ошондой эле 9 чакырымга жакын ички чарбалык жол бузулуп, 3 унаа жабыркаган. Муну менен катар, 13 электр мамысы, 10 даана лоток агып кеткен жана 6 чакырым жолдун ар кайсы тилкесине кум-шагыл толгон.

Мындан тышкары, 3 ички чарбалык көпүрө, 1 электр тармактар ишканасы, 1 айыл өкмөттүн короосу жабыркап, 1000 метр сел өтүүчү сайдын ичи сел калдыктарына толгон, ал эми 4000 метр сел өтүүчү сайдын ар кайсы жерлери эрозияга учураган.

Учурда президенттин тапшырмасы менен селдин кесепеттерин жоюу иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.

Связанный пост