Алайда 150 орундуу мектеп жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет

 Алайда 150 орундуу мектеп жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет

Ош облусунун Алай районундагы Таш-Кыя айылында К.Тайчабаров атындагы мектептин курулушу аяктоо алдында турат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, учурда объектте ички жасалгалоо жана сырдоо иштери жүргүзүлүп, мектептин айланасына брусчатка төшөлүүдө.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 77 млн сомду түздү.

Долбоорго ылайык, мектеп 150 орунга ылайыкталган. Анда заманбап окуу класстары, китепкана, ашкана, лаборатория, компьютердик класс жана жыйындар залы каралган. Окуу жылынын башталышы менен окуучулар жаңы мектепте билим ала башташат.

Связанный пост