Кара-Балта шаарында таштанды полигону курулат
Кара-Балта шаарында таштанды полигону курулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрликтин өкүлдөрү Азия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен биргеликте жаңы санитардык полигондун курулушу үчүн бөлүнгөн жер тилкесин изилдешти.
Долбоорду ишке ашырууда жагымсыз жыттарды толугу менен жок кылууга гана эмес, зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышын азайтууга, ошондой эле объектте өзүнөн-өзү өрт чыгуу коркунучун алдын алууга мүмкүндүк берген япониялык “Фукуока” технологиясын колдонууга өзгөчө басым жасалды.
Министрликтен белгилешкендей, долбоор үчүн 4 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлүнүүдө.
Заманбап полигондун курулушу Кара-Балта шаарынын жана Чүй облусунун Жайыл районундагы 32 айылдын таштандыларын төгүүгө байланышкан курч экологиялык маселелерди чечмекчи.