Бишкек мэриясынын кызматкери 1 млн сом пара менен кармалды

 Бишкек мэриясынын кызматкери 1 млн сом пара менен кармалды

Бишкек шаардык мэриясынын кызматкери 1 млн сом пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жасалма тоскоолдуктарды түзүү жана бүткөрүлгөн иштер үчүн каражаттарды которууну кечеңдетүү аркылуу жалпы тендердик баанын 10 пайызын опузалап алгандыгы аныкталды.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ишкананын кызматкери А.К.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда муниципалдык кызматкерлердин аракеттерине юридикалык баа берүү, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Связанный пост