Кара-Көлдө өрттүн кесепетинен бир адам каза болду
Кара-Көл шаарындагы суу сактагычтын кампасында чыккан өрттөн эркек киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Ак-Кыя-1 көчөсүндө жайгашкан суу сактагычтын кампасынын күзөт бөлмөсүнөн өрт чыккан.
Өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин, саат 09:46да шаардык №94 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан. Тилсиз жоо саат 10:09да толугу менен өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болгон, учурда анын өздүгү такталууда. Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатат.