Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 11 айда 14 млрд долларды түздү
Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-ноябрында 14 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 12,2 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 43,5 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 0,5 пайызга көбөйдү.
“2025-жылдын январь-ноябрында ЕАЭБ мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,9 млрд долларды түзүп, 2024-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 1,3 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (64,1 пайыз) жана Казакстанга (33,5 пайыз) туура келди”, – деди ал.