Кыргызстанда нотариалдык жыйымдарды төлөөнүн жаңы эрежелери киргизилди

 Кыргызстанда нотариалдык жыйымдарды төлөөнүн жаңы эрежелери киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан алынуучу мамлекеттик алымдын мамлекеттин бюджетине өз убагында келип түшүүсүн, ачык-айкындыгын жана так эсебин камсыз кылуу болуп саналат.

Мыйзам менен бул беренеге өзгөртүү киргизилип, нотариус тарабынан алынуучу мамлекеттик алым нотариалдык аракеттер жасалган жана юридикалык мааниси бар документтер берилген күнү төлөнөт деп белгиленген.

Связанный пост