Будапештте кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин жыйыны өттү
Бүгүн Будапешт шаарында Кыргыз-Венгрия cтратегиялык кеңешинин V жыйыны өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жыйынга кыргыз тараптан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ал эми Венгрия тарабынан тышкы экономика жана тышкы иштер министри Петер Сийярто жетекчилик кылды.
Жыйындынын күн тартибине ылайык, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк рухунда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-мажар кызматташуусун тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Тараптар өлкөлөр ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун жигердүү мүнөзүн канааттануу менен белгилешти. Ушул контекстте өз ара кызыкчылык туудурган сапарларды жана башка эки тараптуу иш-чараларды уюштуруу маселелери каралды.
Тараптар парламенттер аралык кызматташуунун ырааттуу чыңдалып бара жатканын кубануу менен белгилешти. Тышкы иштер министри Кулубаев 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык тууралуу маалымат берип, жалпы элдик добуш берүүнү өткөрүүдө жаңы санарип технологияларды колдонуу өзгөчөлүгүнө көңүл бурду. Ал мажар тарапка парламенттик шайлоолорго эл аралык байкоочу катары, эки тараптуу да, көп тараптуу форматтарда да өкүлдөрүн жөнөтүү сунушун билдирди.
Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды мындан ары кеңейтүү максатында жакын арада Кыргыз-Венгрия Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жана Кыргыз-Венгрия Бизнес кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынды. Энергетика, транспорт, айыл чарба, технологиялар, экология жана билим берүү тармактарында өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Тараптар Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун учурдагы ишмердигин карап чыгып, анын эки өлкө ортосундагы инвестициялык өнөктөштүктү тереңдетүүдө макулдашылган долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүү ролун тастыкташты.
Маданий-гуманитардык маселелерге, анын ичинде билим берүү жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап венгр тарапка “Stipendium Hungaricum” программасынын алкагында кыргыз студенттерине Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн жыл сайын берилүүчү квота үчүн ыраазычылык билдирди. 2025-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында Кыргызстан менен Венгриянын жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн II Кыргыз-Венгрия ректорлор конференциясынын жыйынтыктары канааттануу менен белгиленди.
Тышкы иштер министри Кулубаев өлкөдө алдыда өтө турган ири иш-чаралар жөнүндө маалымат берип, анын ичинде 2026-жылы өтө турган XI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, 2027-жылы өтө турган II Глобалдык Тоо саммитине (“Бишкек+25”), ошондой эле 2028-жылы белгилене турган дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине венгр тарапты катышууга чакырды.
Министрлер эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча ар тараптуу пикир алышып, БУУ, ЕККУ, ТҮРКСОЙ, ЕБ сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин да талкуулашты.
Жыйындын жыйынтыгында КР Тышкы иштер министрлиги менен Венгриянын тышкы экономика жана тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2026-2028-жылдарга карата эки тараптуу кызматташтык боюнча тиешелүү протокол жана “Жол картасына” документине кол коюлду.