Катар Бишкекте оорукананын кошумча корпусун курууга 9,2 миң доллар бөлөт

 Катар Бишкекте оорукананын кошумча корпусун курууга 9,2 миң доллар бөлөт

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Катар өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын кошумча корпусун куруу жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Жогоруда белгиленген гранттык макулдашуу Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын кошумча корпусунун курулушун каржылоого багытталган. Бул имараттын курулушу оорукананын сыйымдуулугун жана бейтаптарды тейлөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Гранттык макулдашуунун жалпы суммасы 9 млн 240 миң долларды түзөт, ал долбоордун бардык этаптарын каржылоого, анын ичинде курулушка, жабдууларды сатып алууга жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн керектүү ресурстар менен камсыз кылууга жумшалат.

Связанный пост