8 пайыздык жеңилдетилген насыялар бардык аймактарда жеткиликтүү болду

Ишкерлер үчүн жылдык 8% менен берилүүчү жеңилдетилген насыялар өлкөнүн бардык аймактарында жана шаарларында кайрадан жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Ишкердикти өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, министрлер кабинети тарабынан 500 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Аталган насыя программасы фонд аркылуу июль айынан тартып ишке ашырылууда.
Бул каражаттар калктын санына жараша бардык аймактар боюнча бөлүштүрүлгөн. Ошондой эле насыяларды ачык жана таза берүү максатында фонддун расмий сайтында электрондук кезек (онлайн-тиркеме) түзүлгөн.
Бирок электрондук каттоо аркылуу кезекке тургандардын арасында ишкер катары катталбаган же насыя алуу үчүн зарыл болгон документтерди даярдай албаган жарандар да болгондуктан, айрым аймактарда каражат толук өздөштүрүлгөн эмес.
Эми төрт ай өткөндөн кийин, бөлүнгөн каражаттар республика боюнча бардык аймактарга кайра багытталууда. Мындай чечим каражатты натыйжалуу пайдаланууга жана ишкерлерге реалдуу мүмкүнчүлүк берүүгө шарт түзөт.
Фонд ишкерлерди жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн өздөрүнүн аймактык филиалдарына кайрылууга чакырат.
Насыянын эң жогорку көлөмү — 5 млн сом, мөөнөтү 60 айга чейин, жылдык үстөк пайызы — 8%.