Окуучуларга коркутуу билдирүүлөрүн тараткан адамдын өздүгү аныкталды

 Окуучуларга коркутуу билдирүүлөрүн тараткан адамдын өздүгү аныкталды

Окуучуларга коркутуу билдирүүлөрүн тараткан адамдын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 20 жаштагы чет элдик жаран Овсюк Ярослав Михайлович болуп чыкты.

Алынган маалыматтар боюнча, аталган жаран мурда Россиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын Кыргызстандын аймагында жүргөнү катталган эмес.

Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо максатында бардык мектептерде милициянын кошумча күчтөрү тартылган. Айрым билим берүү мекемелери убактылуу аралыктан окутуу форматына өткөрүлдү. Келип жаткан бардык билдирүүлөр жана кайрылуулар дароо текшерилип жатканы айтылды.

“Учурда борбордогу бир катар мектептердин окуучуларына карата тараган коркутуулар кылдат түрдө текшерилүүдө. Окуу жайларда зарыл иш-чаралар өткөрүлүп, шектүү буюмдар жана коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайлар аныкталган жок”, – деп белгилешти министрликтен.

Ошондой эле министрлик жарандарды сабырдуулукту сактоого жана дүрбөлөңгө алдырбоого чакырат.

Связанный пост