Токтогулда дыйкан буудайдын жаңы сортун эгип, жогорку түшүм алды
Токтогул районунун Торкен айылында дыйкан Шыкмамат Мананов 2 гектар жерге буудайдын корнетто сортун өстүрүп, жогорку түшүмдүүлүккө жетишти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, дыйкан жогорку түшүм алуу максатында 2-репродукциядагы сертификатталган үрөндү тандап алган.
Жылдын башында топуракка анализ жүргүзүлүп, Ош облусунун адистештирилген токсикологиялык лабораториясы тарабынан берилген протокол боюнча сунуштамалар алынган. Ага ылайык жер аянты диаммофос минералдык жер семирткичи менен азыктандырылган.
Өсүмдүктүн өсүшүн колдоо жана коргоо максатында 2 этап менен Кыргыз гумат органикалык жер семирткичи чачылып, отоо чөптөрдү жок кылуу үчүн дезермон жана эстор гербициддери колдонулган.
Биринчи сугаттан кийин Кыргыз гумат фосфор+калий органикалык жер семирткичи жана козу карын ооруларына каршы тильт фунгициди менен чачуу иштери жүргүзүлгөн.
Аткарылган агротехникалык иш-чаралардын жыйынтыгында 20-июлда түшүм жыйноо жүргүзүлүп, ар бир гектардан 48 центнер, жалпысы 2 гектар аянттан 9 тонна 600 кг дан алынган.
Жалпы киреше 240 миң сом, жалпы чыгым 92 700 сом, таза киреше 147 300 сомду түздү.
Өндүрүштүн рентабелдүүлүк деңгээли 159 пайыз болуп, ар бир килограмм буудайдын өздүк наркы 9,66 сом, ал эми таза кирешеси 15,34 сом болуп эсептелди.
Бул жыйынтыктар дыйкандын заманбап агротехникалык ыкмаларды колдонуу, сапаттуу үрөөн жана органикалык жер семирткичтерди пайдалануу аркылуу жогорку экономикалык натыйжага жетишүүгө мүмкүн экенин тастыктады.