Индиянын Ченнай шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды

 Индиянын Ченнай шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды

29-сентябрда Ченнай шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугунун ачылыш аземи болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандаын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов катышты.

Ардактуу консул болуп Ченнай шаарынын ишкердик жана коомдук чөйрөсүндө кеңири таанылган белгилүү ишкер жана коомдук ишмер доктор Пракаш Рао дайындалды.

Өз сөзүндө Элчи Аскар Бешимов Пракаш Раону куттуктап, Ардактуу консулдук экономика, билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле эки элдин ортосундагы байланышты чыңдоого маанилүү өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле ал Ченнайдын Индиядагы инвестиция, туризм жана инновация багыттарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү борбор экенине токтолду. Практикалык өнөктөштүктүн мисалы катары Ченнайда жайгашкан Deccan Gold Mines компаниясынын Кыргызстандагы тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде д-р Пракаш Рао көрсөтүлгөн ишеним үчүн терең ыраазычылык билдирип, эки тараптуу долбоорлорду илгерилетүүгө, ишкердик жана маданий демилгелерди өркүндөтүүгө, ошондой эле бул аймакта жашаган Кыргызстандын жарандарына колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Ченнайдагы Ардактуу консулдуктун ачылышы кыргыз-индия мамилелеринин жаңы барагын ачып, мындан аркы өнөктөштүктү кеңейтүү жана достукту чыңдоо үчүн бекем аянтча түзүп жатат.

Связанный пост