Эми айдоочулук күбөлүктү “Түндүк” аркылуу онлайн алмаштырса болот

Кыргызстанда улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жана “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн форматта жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Тиешелүү токтомду министрлер кабинети 2025-жылдын 24-сентябрында кабыл алган.
Бул кызматты ишке киргизүү жарандардын ыңгайлуулугуна багытталган санариптик платформаларды өнүктүрүүгө жана мамлекеттик кызматтарды алуу ыкмаларын кеңейтүүгө багытталган.
Кызматты алуу шарттары
Айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштыруу үчүн жаран төмөнкү талаптарды аткарышы керек:
- Бирдиктүү идентификациялоо тутумунда идентификациядан өтүү;
- Электрондук медициналык документтерге ээ болуу (наркологиялык текшерүүдөн өтүү, психикалык саламаттыкты жана көрүүнү текшерүү) — алардын берилип жаткан күнү 12 айдан ашпашы керек;
- Фотоидентификациядан өтүү;
- Онлайн арызды толтуруп, «Алмаштыруу» же «Жоготуу учурунда калыбына келтирүү» кызматын тандоо;
- Зарыл болсо, почта аркылуу жеткирүү дарегин көрсөтүү;
- Кызмат үчүн төлөмдү QR-код аркылуу электрондук жол менен жүргүзүү.
Жеткирүү жана даяр болуу мөөнөтү
Улуттук айдоочулук күбөлүктү даярдоо мөөнөтү 1ден 2 иш күнүнө чейин созулат. Арыз ээси өзүнүн арызынын статусун «Түндүк» тиркемесиндеги жеке кабинети аркылуу көзөмөлдөй алат.
Жаңы күбөлүктү жаран көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жеткирүү аркылуу, же ыйгарым укуктуу органга караштуу бөлүмдөн жеке барып ала алат.
Токтом качан күчүнө кирет?
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тарта он күн өткөн соң күчүнө кирет.