Ош мэриясы электромобилдерге өтүүдө
Ош шаардык мэриясынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматтык унаалары электромобилдерге алмаштырылууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай демилгени Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык бюджетти үнөмдөө жана экологиялык стандарттарга өтүү максатында көтөрүп чыккан.
Күн мурун бул демилгенин алкагында алты жаңы электромобиль шаардык кеңештин төрагасына, мэрдин орун басарларына жана аппарат жетекчисине расмий түрдө тапшырылды.
Мэриянын автогаражынын эсеби боюнча, мурда кызматтык унаалар ай сайын 3 тоннага жакын күйүүчү май сарптап, аны сатып алууга жылына 3 миллион сомдон ашык каражат кетчү. Электромобилдерге өтүү менен бул каражаттар кыйла үнөмдөлүп, шаар казынасына олуттуу пайда алып келет. Мындан тышкары, бул кадам экологиялык жактан таза транспортту колдонуу аркылуу шаардын абасын жакшыртууга да салым кошот.