Кыргызстан, Россия, Казакстан, Беларусь, Тажикстан парламент башчылары Өчпөс отко гүлчамбар койду

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов, Тажикстан Республикасынын Оли Мажлиси намояндагон Мажлисинин Төрагасы Файзали Идизода жана Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Игорь Сергеенко менен бирге Бишкек шаарында жайгашкан Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуштагы жоокерлердин эрдиктерин эскерүү менен курман болгондордун элесине таазим этишти.

Кошумчалай кетсек, 19-майда Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кеңешинин жыйыны өтөт. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы, ошондой эле Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Беларусь Республикасынын парламенттеринин башчылары катышат.

Связанный пост