3-7-октябрь күндөрү Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 118-чакырымында 3-7-октябрь күндөрү жүргүзүлөт.
“Иштин башталышы керектүү адамдык, техникалык каражаттарды жана механизмдерди даярдоо менен автотранспорттун жана темир жолдун кооптуу участокторун тосуу аркылуу жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол саат 09:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат.
Белгилей кетсек, жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.
Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзгү маал гана жүргүзүлөт.