Кара-Суу районунда жаңы бала бакча ачылды

 Кара-Суу районунда жаңы бала бакча ачылды

Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Башбулак айылында 90 орундуу жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, райондун акими Турусбек Ногоев катышты.

Аталган бала бакчанын сметалык баасы 16 миллион 461 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Связанный пост