2025-жылы Кыргызстан боюнча 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат

Дүйнөлүк банк менен биргеликте 2025-жылдын май айына чейин Кыргызстан боюнча 560 кыска мөөнөттүү балдар бакчасы ачылып, мында 40 миң баланы мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйында билдирди.

Мындан сырткары, Кендирбаева ЮНИСЕФ биргеликте жалпы жонунан 248 балдарды өнүктүрүү борбор түзүлүп, 7 миңден ашуун бала тартылгандыгын айтты.

 

Ошондой эле Ага-Хан фонду, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Аймактарды өнүктүрүү жана социалдык кызматташтык” коомдук фонду, “Өкмөттүк акселераторлор” программасы, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен биргеликте аткарылган иштер жана административдик-аймактык реформанын алкагында ачылган бала бакчалардын ишин да кошумчалады.

Связанный пост