Президент Чаткалда социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Чаткал районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты.
2021-жылдан тартып 2026-жылдын сентябрына чейинки мезгилде Чаткал районунда капиталдык салымдардын көлөмү 20 млрд 633 млн сомду түзгөнү белгиленди.
2026-жылдын 9 айында салыктык түшүүлөр боюнча план 100,5% аткарылган. Алардын көлөмү 8 млрд 186 млн сомду түзгөн.
Акыркы беш жылда оорулардын деңгээли 17,5%га төмөндөгөн. Эгерде 2021-жылы бул көрсөткүч 33,5%ды түзсө, 2026-жылы 16%га чейин азайган.
2021-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу көрсөткүчү 34,4%дан 68,4%га чейин өскөн.
Ошондой эле Мамлекет башчысына 2026-жылдын 9 айында капиталдык салымдардын көлөмү 2 млрд 840 млн сомду түзгөнү маалымдалды. 2021-жылы бул көрсөткүч 4 млрд 907 млн сомду, 2022-жылы 3 млрд 43 млн сомду, 2023-жылы 2 млрд 403 млн сомду, 2024-жылы 3 млрд 21 млн сомду, ал эми 2025-жылы 4 млрд 416 млн сомду түзгөн.
2021-жылдан 2026-жылдын сентябрына чейинки мезгилде капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 20 млрд 633 млн сомду түзгөн.
Өнүктүрүү фонду боюнча 2021-жылдан 2026-жылдын сентябрына чейинки мезгилде жалпы суммасы 741,4 млн сомду түзгөн 148 долбоор кабыл алынган. Отчеттук мезгилде Өнүктүрүү фондуна 943,8 млн сом түшкөн.
2026-жылдын 9 айында 20 долбоор кабыл алынып, 12 долбоор аяктаган. Чыгымдар 203,1 млн сомду түзгөн. Жыл аягына карата каражаттардын калдыгы 127,8 млн сомду түзөт.
2021–2026-жылдары жалпы суммасы 963,8 млн сомду түзгөн 44 жаңы объект курулган.
Алардын ичинде 453,9 млн сомго 4 мектеп, 54,6 млн сомго 2 бала бакча, 64,5 млн сомго 3 спорт зал, 31 млн сомго үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 4 имараты, 41,3 млн сомго 3 мини-футбол аянтчасы, 24,1 млн сомго 12 балдар оюн аянтчасы, 20,8 млн сомго 2 көпүрө жана башка объектилер бар.
Мамлекет башчысына тоо-кен тармагына салынган инвестициялардын жалпы көлөмү 216,6 млн АКШ долларын түзөрү маалымдалды.
Билим берүү тармагында кадрлардын жетишсиздиги жоюлуп, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу көрсөткүчү жогорулаган.
2021–2026-жылдары балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 34,4%дан 68,4%га чейин өскөн. Билим берүү системасындагы кадрлардын жетишсиздиги 6дан 0гө чейин кыскарган.
ЖРТ жыйынтыгы боюнча райондун орточо упайы 126,6ны түзгөн. Үч окуучу 200дөн ашык упай топтогон.
2026-жылы Ю. Гагарин атындагы мектептин музыка мугалими Абдырасул Сандыбаев «Мыкты мугалим» республикалык сынагында биринчи орунду ээлеп, 500 миң сом сыйлык алган.
2026-жылы бир катар инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
Алардын катарында Жаңы-Базар айылындагы спорт комплекси — 33,50 млн сом, Ак-Терек айылындагы «Келечек» бала бакчасы — 15,75 млн сом, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башкармалыгынын имараты — 20 млн сом, Сумсар айылындагы архитектура башкармалыгынын имараты — 16,3 млн сом, ошондой эле Каныш-Кыя жана башка аймактардагы долбоорлор бар.
Мындан тышкары, Шакафтар айыл аймагындагы Терек-Сай айылынын аймагында В. И. Ленин атындагы мурдагы мектептин жана «Орлёнок» лагеринин базасында 300 орундуу жаңы мектеп куруу пландалууда. Ошондой эле «Чаткал Резорт» туристтик долбоорунун алкагында Каныш-Кыя айыл аймагында аэропорт куруу каралган.
Кесиптик билим берүүгө да көңүл бурулууда. Тактап айтканда, № 46 кесиптик лицей үчүн 250 орундуу жаңы имарат куруу, ошондой эле тоо-кен өнөр жайы, энергетика жана туризм тармактары үчүн квалификациялуу адистерди даярдоо мерчемделип жатат.