2024-жылдын биринчи 6 жумасында 22 миң санариптик убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы түзүлдү

 2024-жылдын биринчи 6 жумасында 22 миң санариптик убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы түзүлдү

2024-жылдын 6 жумасында 22 285 убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары электрондук форматта түзүлдү. Калтырылган жумуш күндөрүнүн жалпы саны 397 592. Ооруга байланыштуу – 17 474, кош бойлуулук жана төрөткө байланыштуу – 2 200, жаракаттар жана кырсыктарга байланыштуу 1 399 убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы түзүлгөн.

Эскерте кетсек, санариптик убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы – бул саламаттык сактоо уюмдары кагаз жүзүндө берген убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы эле, ал азыр атайын маалыматтык системанын жардамы менен толтурулат, өткөрүлүп берилет жана сакталат. Электрондук форматта түзүлгөн убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы юридикалык күчкө ээ. Ооруга байланыштуу убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын алуу үчүн portal.tunduk.kg порталына же Tunduk мобилдик тиркемесине кирип, андан соң «Ден соолук» бөлүмүнө өтүп, «Эмгекке жарамсыздык баракчасын» тандоо керек. Маалымат системасы маалыматты коргоо жана анын купуялуулугун сактоо үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылат. Кызматкердин диагнозу жөнүндө маалымат иш берүүчүгө берилбейт, документти берүү себептери гана (оору, кош бойлуулук жана төрөт, карантин, жаракат алуу жана кырсык, кесиптик оору, бейтапты кароо) көрсөтүлөт.

Связанный пост