Касымалиев Бишкектеги объекттердин курулушу менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы бир катар объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Атап айтканда, МинКаб Төрагасы мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордунда курулуп жаткан маданий борбордун курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты. Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт. Имаратта алты кинозал, 400 орундуу концерттик зал, музыкалык жана театралдык класстар, жыйындар залы, фуд-корт жана көп функциялуу жайлар каралган.
Мындан тышкары, долбоор боюнча эки деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жайдын курулушу да каралган.Бүгүнкү күндө ички жасалгалоо иштери, аймакты көрктөндүрүү жана унаа токтотуучу жайдын курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорду ушул жылдын аягында аяктоо пландалууда.
Андан соң МинКаб Төрагасы Бишкек шаарынын Чыгыш айланма автомобиль жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоорго ылайык, жолдун узундугу 16,2 чакырымды түзөт. Ал төрт тилкелүү болуп, жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 14 метрди, жол жээги 2,5 метрди түзөт. Долбоор ошондой эле ири инженердик курулмаларды, татаал жол айрыктарды жана көпүрөлөрдү курууну да камтыйт.
Таанышуунун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жооптуу мамлекеттик органдарга жана подряддык уюмдарга курулуш иштеринин тиешелүү сапатын камсыз кылууну, курулуш нормаларын жана стандарттарын так сактоону, ошондой эле долбоорлорду белгиленген мөөнөттө аяктоо үчүн зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Связанный пост