Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 103,9% аткарылды

 Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 103,9% аткарылды
Жалал-Абад облусунун үч айындагы социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы чыгарылды.
Коллегиялык жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары, район жана шаардык салык кызматынын жетекчилери, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты.
Жыйында 2024-жылдын үч айында Жалал-Абад облусу боюнча 13947,0 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 100,6 пайызды камсыздаганы белгиленди. Анда өнөр жайынын негизги 3 тармагы өткөн жылга салыштырмалуу аткаруу көрсөткүчү 100 пайыздан жогору болгон. Облус мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планын 103,9 пайызга же 121,5 млн сомго кѳп аткарууга жетишкен.
Облустун аймагында калкты социалдык коргоо, жашоо деңгээлин жогорулатуу жана социалдык жактан аялуу жарандардын абалын жакшыртуу максатында мерчемделген иштердин жүрүшү тууралуу айтылды.
Мындан сырткары Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаарларынын мэрияларынын аткаруучулук тартиби тууралуу айтылып, Жалал-Абад облусунун аймагында 3 айлык айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу, бул багытта Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын район, шаарларда аткарылышынын абалы, жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди.
Коллегияда облус башчысы билим берүү тармагындагы көрсөткүчтөрдүн солгундугун сынга алды. Бул багытта берилген эскертүүлөргө карабай жылыштар байкалбасын айтып, район жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди.
Өкүл жергиликтүү бюджеттин план тапшырмаларын жеткиликтүү аткарбаган Базар-Коргон, Ала-Бука, Сузак жана Чаткал району, Майлуу-Суу шаарларынын салык кызматынын ишин белгилеп, жетекчилерине коюлган планды так аткаруу, көмүскө экономиканы ачыктоодо жоопкерчиликтүү иш алып барууга чакырды.
Ыйгарым укуктуу өкүл жергиликтүү бийликтердин аткаруучулук тартибин жакшыртуу, жарандардын кайрылууларын кылдат кароо зарылдыгын эскертти.
Жыйында үч айлык көрктөндүрүү иштерин жеткиликтүү аткарбаган айрым район, шаарлардын жетекчилерине жана алардын орун басарларына эскертүү берилип, сөгүш жарыяланды.

Связанный пост