“Кыргыз Петролеум Компани” ЖЧКсы былтыр 285млн сом таза киреше алды

 “Кыргыз Петролеум Компани” ЖЧКсы былтыр 285млн сом таза киреше алды
“Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарып, компания жетекчилиги жана мекеменин директорлор кеңеши акционерге отчетун угузду. Жыйында “КПК” ЖАК президенти Байгазы Матисаков өткөн жылда аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берип, акционер жана директорлор кеңеши менен бирге күн тартибиндеги коюлган маселелерди карап чыгып, 2024-жылга бюджет менен иш пландар бекитилди.
“Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому соңку жылдары өнүгүү жолуна түштү. Өндүрүштө иштетилген мунайдын көлөмү жыл сайын көбөйүүдү. 2023-жылы 187 миң 221 тонна нефтини кайра иштетүүнү пландаса, иш жүзүндө 213 миң 921 тоннага аткарды. 2022-жылга салыштырмалуу 27 миң тоннага ашыгы менен иштетти.
Бул менен катар компания кайра иштетүү кызматын коюлган пландан ашыгы менен аткарды. “КПК” ЖАКтын негизги өнөктөшү “Кыргызнефтегаз” ААК болуп саналат. Бирок “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасы башка мунай иштетүүчү компанияларга да кайра иштетүү кызматын көрсөтөт. “КПК” ЖАКтын өткөн жылы ушул сыяктуу мунай иштетүүчүлөргө көрсөткөн кызматынын көлөмү 76 миң 2 тоннаны түзүп, киреше жүзүндө 204 млн 802 миң сомду түздү. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 38 миң 895 тонна чийки затына көп жана андан алган кирешеси 120 млн 223 миң сомго ашык.
2023-жылы “Кыргыз Петролеум Компани” 285млн 118 миң сом таза киреше алды.
2023-жылы компания мамлекеттик казынага төккөн салык жана социалдык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 213 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 68 млн сомго көп. Ошондой эле капиталдык салымдар 2023-жылы 87 млн 300 миң сомду түзүп, 2022-жылдагы капиталдык салымдардын суммасынан 2 млн 400 миң сомго ашык болду.
Жыйынга акционер тарабынан катышкан “Кыргызнефтегаз” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Руслан Алтымышев “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүн оң жагына баалап, – “2023-жылы оор болду, чет жактан ташылган нефтинин көлөмү көбөйүп, мунай продукция баасына жана сатуу жагына терс таасирин тийгизди. Бирок ага карабастан “КПК” ЖАК менен “КНГ” ААК жетекчилиги биргеликте иш чаралар планын иштеп чыгып, анын жыйынтыгы менен мунай продукцияларын сатуу боюнча жигердүү иш аракеттер жүргүзүлдү жана мунай кайра иштетүү заводунун тынымсыз иштешин камсыз кылды”.

Связанный пост