ЖКККББ: Майрам күндөрү таксилер жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп алууга жол берилбейт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Автобекеттерден Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Талас жана башка аймактарга каттаган такси айдоочуларына майрам күндөрү жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Айрым айдоочулар майрам күндөрү шаардан айылдарга каттаган жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн пайдаланып, өз алдынча жол кире акыларын көтөрүп алышы мүмкүн, ошол сепептүү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы андай фактыларга жол бербөө үчүн, айдоочуларга азыртан түшүндүрүү жана эскертүү иштерин өткөрүшүүдө
Эгерде жүргүнчүлөр көп болуп маршруттук унаалар жетишпесе, ЖКККББ тарабынан кошумча маршруттар каттамга киргизилет. Азыркы учурда Автобекетте унаалар жетиштүү жана баары көзөмөлдө.

Связанный пост