Жумушсуздарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сомдон берилет

 Жумушсуздарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сомдон берилет

Кыргызстанда жумушсуз жарандарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сомдон кайтарымсыз колдоо көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 12 айга эсептелген долбоор “Социалдык контракт” программасынын алкагында Бишкек, Ош, Каракол шаарларында жана Кадамжай районунда ишке ашат. Кайтарымсыз каражат расмий каттоодо турган бир жумушсузду жумушка алган ишкерлерге берилет.

“Ишкерлерди тандоодо алардын туруктуу кирешеси, сунуштаган айлыгы жана кызматкерлерди окутуу мүмкүнчүлүгү эске алынат. Мурда “Социалдык контракт” программасына катышкандарга артыкчылык берилет”, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2022-жылдан бери программа аркылуу өлкө боюнча 60 миңге жакын аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлгөн. Катышуучулардын 93 пайызын аялдар түзөт.

Связанный пост