ЖОЖдорго кабыл алуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

 ЖОЖдорго кабыл алуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 “Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы №665 токтому чыкты.
Токтомго ылайык, КРдин ЖОЖдоруна кабыл алуу тартибине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
– Абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 25-августка чейин, кышкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 10-февралга чейин жүргүзүлөт.
– Чет өлкөлүк абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча15-октябрга чейин жүргүзүлөт.
– Жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк абитуриенттерди кабыл алуу мөөнөттөрү Кыргыз Республикасында же чет мамлекеттерде келип чыккан форс-мажордук жагдайларда (табигый кырсыктар, эпидемиялар, согуштук абал, өрт, өзгөчө кырдаалдар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан 5-декабрга чейин узартылышы мүмкүн.

Связанный пост