Жоламан Шершенбеков алтын медалды багындырды

 Жоламан Шершенбеков алтын медалды багындырды

Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн эл аралык турнирде жеңүүчү болду.

Мелдеш 5-августта Белградда 8 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда өттү.

Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Тайпалык баскычта Жоламан Шаршенбеков биринчи орунда жарым финалга чыгып, Венгрия менен Кытайдын спортчуларын эки жолу жеңип алды.

1/2 финалдык беттеште Шаршенбеков Динислам Бамматовду 11:2 эсебинде жана финалда Венгриялык Эрик Торбаны 8:0 эсебинде жеңип, алтын медалды багындырды.

Связанный пост