Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип алды
![Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип алды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/09/304954249_856367262413884_8665517125371686864_n.730x0.jpg)
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңип алды.
Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда. Анын алгачкы атаандашы венгриялык Кристиан Кечкемети болуп, Шаршенбеков аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды.
Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.
Эскерте кетсек, Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.
Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.